Киото университетинин жапон окумуштуулары “Кара кийимчен кишилер” тасмасындагыдай эс тутумду өчүрүүчү нейтрализаторду кайрадан жасап чыгышты. Бул тууралуу Science журналында жарыяланган макалада айтылат.

Белгиленгендей, буга чейин окумуштуулар муну чычкандарда жасашкан. Эстутумду өчүрүү эффекти нейро-оптикалык системанын жардамы менен ишке ашты. Жарык узак мөөнөттүү потенциацияда, башкача айтканда, узак мөөнөттүү эс тутум процессинде (эстутумду консолидациялоо) катышкан белокторду деактивациялайт. Эстөөлөр негизинен гиппокампта сакталат. Алар чычкандарга белок алып жүрүүчү аденовирусту сайып, андан соң гиппокампты жарык менен нурландырышкан. Натыйжада уйку учурунда маалымат кыска мөөнөттүү эс тутумдан узак мөөнөттүү эс тутумга өткөндө, чычкандын машыгуу учурунда алган маалыматтары изи калбай жок болуп кеткен.

Окумуштуу Ясунори Хаяши, изилдөөчүлөр тобунун бири, жаңы ыкма синапстардын иштешинин бузулушу менен мүнөздөлгөн шизофрения жана Альцгеймер ооруларын дарылоого жардам берет деп күтөт. Ал ошондой эле жарык менен нурлануу ыкмасын «Кара кийимчен кишилер» деген фантастикалык фильмде көрүүгө болот деп салыштырып, адистер ушуга окшош нерсеге жетишкенин ырастады.

0

Автор публикации

не в сети 3 недели

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *