Мугалим мөмөлү дарак

Бүгүнкү ийгиликтүү инсаныбыз  Чоң-Алай районунун алдыңкы,ийгиликтүү мугалимдердин катарын толуктаган Мамаражапова Марзихан болмокчу.

Өмүр баяны

Аты-жөнү:Мамаражапова Марзихан Курсанова

Туулган жылы, айы: 1973-жыл,1-август

Туулган жери: Чоң-Алай району,Дароот-Коргон айылы

Окуган мектеби : ,,Коммунист»орто мектеби

Бүтүргөн окуу жайы: ОшМУнун кыргыз филлология факультети

Алгач эмгек жолун ,,Кыргызстан»орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп баштаган

Эмгек наамасы: 26 жыл

Учурда Ак-Суу орто мектебинде эмгектенет

Үй-бүлөөлүк абалы: Үй-бүлөөлү 2 кызы 5 небереси бар.

Жолдошу Жарманбетов Салимбек мектепте мугалим болуп эмгектенет.

 

Алган сыйлыктары:

Райондук билим берүү бөлүмүнүн,Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын,

ОшБИ нин,Кыргыз Республикасынын Түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн Ардак Грамотасы, КРдин Маданият министрлигинин Ардак Грамотасы,

Ош облустук кесип бирлигинин Ардак Грамотасы,

Эл Долбоор коомдук фондунун Ардак Грамотасы.ж б.у.с,

«Билим берүүнүн мыктысы» төшү белгиси,

”Ардак белгиси» медалы,

,,Билим,илим профсоюзунун отличниги»төш белгиси,

,,Мыкты мугалим» төшү белгиси, ,,Ыйык тил»төш белгиси.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак Грамотасы менен сыйланган.

Жараткан ийгиликтери.

2000-жылы Мыкты мугалимге катышып райондон биринчи орунду,обулустан үчүнчү орунду ушул эле жылы Эл агартуунун мыктысы төш белгисин алган.

Чыңгыз Айтматовтун 80-жылдыгына карата обулуска командасын даярдып барып гранпринин ээси болушкан.

Айтматовтун 90 жылдыгына карата областык деңгээлде автордук семинарын өткөргөн.Райондук билим берүү алдында уюштурулган “Мурас»фольклор тобунун көркөм жетекчиси болуп эмгектенип жатат.

2018-жылы Адеп,ыйман маданият жылына карата өзүнүн “Азаттык”атуу автордук чыгармасы менен окучуулардын театралдык фестивалына катышып район жана обулустан биринчи орунга ээ болушуп,республикадан экинчи орун, 50 миңдик сертификат менен сыйланышкан.

Балдар чыгармачыл борборунда театр форум иримин ачып 2019-жылы обуластан “Мыкты ирим жетекчи “деген сынакта экинчи орунду алып келген.

2020-жылы Республикалык усулдук кейс сынагынан биринчи орунду камсыз кылган.

Мындан сырткары жаш калемгерлер ийримин жетектеп “Чоң-Алай жаш калемгерлер” аттуу китеп басылып чыккан.Бул китепте Чоң-Алайдын жаш таланттуу,жаш акындардын ырлары орун алган.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *