Социалдык тармактарда маркумдардын сөөгүн кабырга ыргытып жаткан видео тарап жатканы боюнча Муфтият билдирүү таратты. Бул чындыкка дал келбейт жана чагымчылык деп билдирет.

“Индия мамлекетинде тартылган видеону «В городе Бишкек. Скрытая камера»,-деп таратуу өз элине, жерине, мекенине болгон  кыянатчылык. Мындай жаган маалымат тараткандардын жазасын Алла Таала Өзү берсин. Кыргызстанда ар бир сөөк шарият көрсөткөн тартип, урмат-сый  менен жерге берилүүдө. Маркумду акыркы сапарга узатууда жакын туугандары катышып, жаназа окулуп, кырдаалга жараша сактык чараларын сактоо менен коюлууда”,- деп айтылат Муфтияттын маалыматында.

Урматтуу мекендештер! Азыр социалдык тармактан чет өлкөдө тартылган тасмаларды деле Кыргызстан болгондугун чаптап, ар кандай такталбаган, башкача айтканда фейк маалымат тараткандар көбөйүп кетти. Кандай гана маалымат чыкпасын биринчи маалыматтын булагын, расмий тастыкталганын аныкталган соң ишенүүңүздөрдү сиздерден суранабаз! Эгер фейк маалымат көрүп, бүдөмүк ойлор жаралса аны башкаларга бөлүшпөй, тийишттүү мамлекеттик органдардан тактаңыздар. Билбей туруп башкаларга таратуу менен адамдарга зыян жеткирип, нерви жука, ден соолугунан тынчсызданып жаткан бейтаптардын саламаттыгына олуттуу зыян алып келип алышыңызды эсиңизден чыгарбаңыз!

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *