6-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары «Министрлер кабинети жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи окууда талкуулады.

 

Мыйзам долбоорунун демилгечиси катары президент көрсөтүлгөн. Аны буга чейин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитет караган.

 

Ошондой эле быйыл 29-июлда Жогорку Кеңеш биринчи окууда жактырган. Бир топ эл өкүлү жумушчу комиссия түзүп, түзөтүүлөрдү кошуп, кайра иштеп чыгуу сунушун беришкен. Жыйынтыгында мыйзам долбоорлору биринчи окууда кабыл алынган.

 

Экинчи окууда кайсы өзгөртүүлөр сунушталды?

 

-«Министрлер кабинети» жөнүндө мыйзамдын 1-беренесинде президент аткаруу бийлигинин башында болот деп жазылды;

 

-Министрлер кабинетинин мүчөсү болууну каалаган талапкердин 10 жылдык мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы эмгек стажы болушу керек. Анын ичинен 5 жыл жетекчилик кызматтарда иштеши зарыл.

 

-Министрлер кабинетинин мүчөсү болууну каалаган талапкер дайындалганга чейин мүлкү жөнүндө декларация тапшырышы керек;

 

-Бизнес менен алектенген жаран Министрлер кабинетинин мүчөсү боло албайт;

 

-Министрлер кабинетинин мүчөсү административдик ресурс колдоно албайт;

 

-Министрлер кабинетинин мүчөсүнө кылмыш иши Башкы прокурор тарабынан гана козголот жана буга президенттин макулдугу талап кылынбайт.

 

— Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн, алардын орун басарларынын жоопкерчилиги күчөтүлдү;

 

-Президент аткаруу бийлигинин ишине жетекчилик кылат;

 

-Министрлер кабинети бюджеттин аткарылышы боюнча Жогорку Кеңешке отчет берет жана парламент аны жактырбай кое алат. Мындай учурда президент аткаруу бийлигинин жоопкерчилигин карайт. Министрлер кабинети 5-майга чейин отчет берүүгө укуктуу.

 

-Министрлер кабинетинин төрагасы Президенттик администрациянын башчысы болот.

 

-Өкмөттүн чечим кабыл алуу жоболору жөнөкөйлөтүлөт. Улуттук, стратегиялык маанидеги чечимдер өкмөттүн жыйынында каралып, анан чечим кабыл алынат.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *