«Биз продукцияны экспорттоого багытталган кайра иштетүүчү ишканаларды өнүктүрүүнү колдоого көңүл буруп жатабыз», — деди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев Чүй облусундагы кургатылган мөмө-жемиш азыктарын чыгаруучу заводго барганда.

Ишкана өлкөдө мөмө-жемиш азыктарын төмөнкү температурада вакуумда кургатуу технологиясынын эксклюзивдүү ээси болуп саналат.

«Завод жашылча-жемиштерди кайра иштетүүнүн уникалдуу технологиясын ишке киргизди. Анын аркасында компания эл аралык тажрыйбаны жана стандарттарды колдонуу менен айыл чарба продукциясын экспорттоонун, мөмө-жемиштерди кайра иштетүүнүн көлөмүн эл аралык рынокко көтөрө алат. Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун каржылык колдоосу менен ушундай долбоор ишке ашып жатканына кубанычтабыз. Министрлер кабинети мындай өндүрүштүк ишканаларды өлкөнүн башка аймактарында ачууну максат кылууда», — деди Азиз Аалиев.

Ишканага баруу учурунда мөмө-жемиш азыктарын вакуумда кургатуу үчүн жабдууларды өнөр жайлык ишке киргизүү болду. Завод 1993-жылдан бери иштеп, республика боюнча чийки затты сатып алат. Продукциянын негизги рыноктору: Россия, Казакстан, Япония. Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун кредитинин эсебинен өндүрүштү модернизациялоо жана Ысык-Көл облусунда өзүнүн чийки зат базасын кеңейтүү жана продукциянын туруктуу сапатын камсыз кылуу үчүн 27 гектар аянтка бакча отургузуу долбоорлору ишке ашырылган.

0

Автор публикации

не в сети 1 месяц

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *