Калк арасында 5 киловаттык, 10 киловаттык чек тууралуу жаңылыш ойлор жүрүп жатат. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, 5 киловатт, 10 киловатт дегенди энергия катары кабыл албоо керек. Бул — кубаттуулук.

«Эл 10 киловатты колдонуп бүтсөм, жарык өчүп калат экен деп түшүнүп жатышат. Андай эмес. «Акылдуу эсептегичтерди» орнотуп жатканда техникалык шарт берилип, кайсы бир кубаттуулук көрсөтүлөт. Бир убакта үйдөгү электр жабдуулардын баарын иштетип коюп, алардын кубаттуулугу көрсөтүлгөндөн ашып баратса, «акылдуу эсептегич» жарыкты автоматтык түрдө өчүрүп коет. Бул — программада көрсөтүлгөн чектөө. Биз атайын өчүрүп жаткан жокпуз», — деди ал.

Министрдин орун басары бүгүнкү күндө мекеме тараптан электр энергиясын колдонууга атайын чектөө жок экенин кошумчалады.

0

Автор публикации

не в сети 3 недели

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *