12-ноябрда Ички иштер органдарынын 9 ай ичинде аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отурум өттү. Анда ички иштер министри Улан Ниязбеков милиция кызматкерлеринин алдына негизги маанилүү 14 тапшырма коюп, анын кынтыксыз аткарылышын талап кылды.

1)Коллегияда каралган маселелердин алкагында айтылган кемчиликтер кыска мөөнөттүн ичинде жоюлсун;
2)Президент койгон 4 талабынын негизинде, Ички иштер министрлиги тарабынан түзүлгөн “Иш-мерчемдин” аткарылышы биринчи жетекчилер тарабынан көзөмөлгө алынсын;
3)Ушул жылды ийгиликтүү жабуу максатында азыртадан баштап тиешелүү иш-чаралар уюштурулуп, иштер алып барылсын;
4)Жер-жерлерде коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, эл арасында резонанс жараткан окуяларды алдын алуу үчүн профилактика иштери күчөтүлсүн;
5)Жол кыймылынын коопсуздугу, жаш өспүрүмдөргө карата жана алар тараптан жасалган кылмыштар, алдамчылык, уурулук, үй-бүлөлүк зомбулук жана башка ушул сыяктуу элдин социалдык-турмуш тиричилик абалына терс таасирин тийгизген кылмыштар менен жоруктарга бөгөт коюу үчүн жергиликтүү мамлекеттик органдар менен бирге тыгыз байланышта иш-чаралар күчөтүлсүн;
6) Элдин арыз-даттануулары өз учурунда каралсын. Элдин кайрылууларын себепсиз создуктуруу, өз учурунда көңүл буруп карабай коюу, жарандарга орой мамиле жасоо, кызматкерлердин өз милдеттерин аткарбоо деген көрүнүштөргө жол берилбесин;
7)Элге сервистик тейлөө көрсөтүү иштери күчөтүлсүн. Жылдын аягында кайсы райондук же шаардык бөлүмдөр кандай деңгээлде сервистик тейлөө көрсөтүлгөндүгү тууралуу маселени карап, жыйынтык чыгарабыз, ошондуктан бул маселеге өзгөчө көңүл бурулсун;
8) Санариптештирүү менен заманбап тейлөө сапатын жогорулатып, элдин жашоосуна жана коопсуздугуна терс таасирин тийгизип жаткан баардык учурларга бөгөт коюу үчүн ар бир райондук жана шаардык ички иштер бөлүмдөрү өздөрү тейлеген аймактарга, анын ичинде айылдарды бириктирген көчөлөргө, коопсуз деп эсептелген участокторго, стратегиялык маанидеги негизги жолдорго, коомдук жайларга видео-камераларды орнотуу иштери колго алынсын;
9) Адам өмүрү баарынан жогору турат. Ошондуктан, биринчи жетекчилер жеке көзөмөлгө алып, ар бир шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүндөгү милициянын аймактык инспекторлору жана милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери күнүгө эл арасына чыгып, эки багытта иш алып барышсын:
-биринчиси — Жарандардын жолдо жүрүү эрежелерин сактоосу, анын ичинде мал жандыктарын көчөлөргө, стратегиялык трассаларга коё бербөөсү, мектеп окуучуларынын жолдон алыс жүрүүсү боюнча эл арасында пропагандалык жана профилактикалык иштери жүргүзүлсүн.
-экинчиси — Элди ташуучу унаа бекеттерине барып, жүргүнчүлөр арасында жолдо жүрүү эрежелерин сактоосу, айдоочулар арасында ылдамдыкты ашырбоосу, мас болуп унаа айдоодон баш тартуусу, жолдо абайлап жүрүүсү боюнча күнүгө түшүндүрүү иштери күчөтүлгөн тартипте ишке ашырылсын.
10) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоону чыңдоо үчүн 10 күндүк мөөнөттө “Комплекстүү иш-чаралар мерчеми” иштелип чыгып, Министрлер Кабинетине сунушталсын. Анын ичинде, авто-мектептердин ишмердигин күчөтүү, эл ташуучу унаалардын иштөө тартибин белгилөө, жарандарды ташуу процедураларын аныктоо, коопсуздук лицензиялык уруксат берүү тутумун ишке ашыруу жана башка ушул багыттардагы адам өмүрүнүн коопсуздугун камтыган маанилүү учурлар эске алынсын;
11) Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого байланыштуу үгүт иштери жана шайлоо учурунда коомдук тартип бузууларга, элдин добушун сатып алууларга, шайлоого тоскоолдук жаратууларга, ар түрдүү чагымчыл аракеттерге жол берилбесин;
12)Шайлоого байланыштуу элге жат көрүнгөн мыйзам бузуулар боюнча ким гана болбосун ээлеген кызматына, статусуна же башка жагдайларына карабастан мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлсүн;
13)Бир дагы милиция кызматкери шайлоого жана саясатка аралашпасын. Бул талапты баардык кызматкерлерге жеткирип коюңуздар жана күнүгө болуп өтүүчү нускамаларда кызматкерлердин эсине салып туруңуздар. Кимде ким шайлоого аралаша турган болсо, ошол замат ички иштер органдарынын катарынан токтоосуз биротоло бошотулсун;
14) Кайсы бир аймакта шайлоо учурунда массалык башаламандык же коомдук тартипти одоно бузуулар орун ала турган болсо, анда ошол аймакты тейлеген жетекчилер андан ары кызматтан кете берсеңиздер болот. Ошондуктан, күнүгө эл арасына чыгып, профилактика иштерин жүргүзүп, шайлоону тынч өткөрүү боюнча иш-чаралар күчөтүлсүн.

0

Автор публикации

не в сети 3 недели

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *