Юстиция министрлиги 2022-жылы нотариалдык системада фундаменталдуу реформа жүргүзөт. Бул тууралуу аталган башкармалыктан билдиришти.

Кыргыз Республикасынын Нотариалдык палатасын түзүү сунушталууда. Мамлекеттик нотариалдык контораларды акырындык менен жоюу каралууда.

Мыйзам долбоорунда бардык нотариустардын Нотариустар палатасына милдеттүү түрдө мүчө болушу каралган, аймактык бөлүмдөр түзүлөт, ошондой эле адистердин квалификациясын жогорулатуу боюнча окуу борбору түзүлөт. Жаңы мыйзамга ылайык, жеке нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүүгө лицензия беш жылга, экспертизасыз 10 жылга узартылат (нотариустун аракеттерине даттануулар жок болсо). Ошондой эле бул иш менен алектенүүнү каалагандар үчүн 25 жаштан 70 жашка чейинки курак чеги белгиленет.

Калктын социалдык жактан аялуу катмары үчүн нотариалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн белгилүү бир спектрине чектүү белгиленген бааларды белгилөө пландаштырылууда.

0

Автор публикации

не в сети 3 недели

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *