Кыргызстанда жогорку классттын окуучулары арасында республикалык дилбаян сынагы жарыяланды.

Сынак окуучулардын көркөм ой жүгүртүү жөндөмүн арттырып, мугалимдик кесипке дилгирлентүү, ошондой эле бул кесиптин коомдогу аброюн көтөрүү максатында уюштурулуп жатат.

Окуучулар дилбаянда мугалимдин ролу жана коомдогу орду тууралуу ой толгоолорун жазышы керек. Бул сынакта ушул кесипти тандабаган окуучулар да катышып, агай-эжейлеринин өзгөчө эмгеги, ар бир адамдын тагдырына тийгизген таасири жөнүндө баяндай алышат.

Сынакта окуучулардын көркөм ой жүгүртүү жөндөмүнө жана мугалимдик кесиптин коом үчүн өзгөчө маанисин ачып берүүсүнө көңүл бурулат. Дилбаянды кыргыз, орус же англис тилинде жазууга болот.

Көлөмү 250 сөздөн 400 сөзгө чейин болушу керек.

Дилбаянды жана жеке маалыматтарды төмөндөгү шилтеме аркылуу ушул жылдын 5-декабрында саат 23:00гө чейин жиберүү керек: https://forms.gle/QBeqH7AVyfngezb47

Мыкты жазылган дилбаян ээлерине диплом жана ар кандай сыйлыктар ыйгарылат.

Окуучулар дилбаянды өздөрү жазуусу шарт.

Кенен маалыматты алуу үчүн synak2019@gmail.com электрондук дарегине кайрылууга болот.

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *