Ош шаарында студенттердин үгүт иш-чараларына катышкандыгы үчүн билим берүү министри Болот Купешевге, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовго сөгүш жарыяланып, Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков кызматтан алынды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасы жана президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров шайлоо процессинин ачык-айкындыгын камсыздоо боюнча көрүлүп жаткан иштер тууралуу билдирүү жасап, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн шайлоо жараянына кийлигишпөөгө чакырды.

Анын айтымында, шайлоону таза жана ачык-айкын уюштуруу, ошондой эле административдик ресурсту пайдаланууга бөгөт коюу боюнча чаралар көрүлүүдө.

Жапаров белгилегендей, президент 1-ноябрда «Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койгон.

«Мамлекет башчынын жарлыгын ишке ашыруу алкагында Министрлер кабинети тарабынан Иш-чаралар планы иштелип чыгып, тийиштүү министрликтер, ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине багытталган.

Бүгүнкү күндө Ички иштер министрлиги жана Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна байланыштуу 59 факты катталган. 

Анын ичинен 29у Борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам чара көрүүчү координациялык тобуна келип түшкөн (мисалы 2020-жылдын октябрь айында 466 мыйзам бузуу фактысы катталган)», — деди Жапаров.

Анын айтымында, үгүт иштери башталгандан бери 10 күндүн ичинде шайлоо мыйзамдарын бузуу фактыларына жана президенттин жарлыгы жетиштүү денгээлде аткарылбагандыгына байланыштуу төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынды:

— Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрация башчысы-акими кызмат ордунан четтетилди;

— Исфана шаарынын мэрине сөгүш жарыяланды;

Мындан тышкары, Ош шаарындагы студенттердин үгүт иш-чараларына катышкандыгы үчүн:

— Ош мамлекеттик университетинин педагогика факультетинин деканы Б. Муратбаев жана ошол эле факультеттин 3 окутуучусу кызматтан алынды;

— Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков кызматтан алынды;

— Билим берүү жана илим министри Болот Купешевге, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовго сөгүш жарыяланды.

«Урматтуу бюджеттен айлык акы алган кызматкерлер жана жетекчилер! Сиздердин үгүт иш-чараларына катышууңуздардын кереги жок. Түз кызматтык милдеттериңиздерди аткарыңыздар. Сиздердин милдетиңиздер – шайлоолорду өткөрүү үчүн шарттарды камсыздоо. Жарандык позицияны шайлоо күнү добуш берүү аркылуу билдире аласыздар. Бүгүнкү күндө шайлоо процессине кийлигишпеңиздер. 

Урматтуу жетекчилер, эгерде сиздер ээлеген кызматтан бошотулууну каалабасаңыздар президенттин жарлыгын так аткарыңыздар, ошондо сиздердин аброюңуздар кыргыз элинин алдында таза болот. 

Мен муну Министрлер кабинетинин төрагасы жана президенттин администрациясынын жетекчиси катары талап кылам», — деди ал.

0

Автор публикации

не в сети 3 недели

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *