26-октябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов «Ош шаарын 2021-2025-жылдарда өнүктүрүү» программасын коомдук угууга алып чыкты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

 

Шаар башчысы Алмаз Мамбетов таза суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча 12 долбоор иштелип жатканын белгилеп, санариптешүү негизги приоритеттүү багыттарынын бири экендигин билдирди.

 

Жалпы программаны ишке ашырууга 18 млрд сомдон ашык сумма талап кылынат. Бул сумма жергиликтүү жана республикалык бюджеттен, гранттык долбоорлордон каржылана турганын кошумчалады ал.

 

Коомдук угууда катышкандар социалдык, экономикалык жана туризм, коммуналдык чарба, курулуш, санариптештирүү боюнча 5 секцияда иш алып барып, программага кошумча сунуштарды беришти. Талкуу учурунда жарандык активисттер жана шаар тургундары катышып, пикир билдиришти.

 

Белгиленгендей, Ош шаарын 2021-2025-жылдарда өнүктүрүү программасыөзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү үчүн бир айлык мөөнөт менен коомдук талкууга коюлду. Кошумча демилгелер кабыл алынган соң, программа шаардык кеңештин кароосуна киргизилет.

 

Ош шаарын өнүктүрүү боюнча программасы төмөндө:

 

Osh_shaarynyn_2021-2025gg._Onyktyryy_Programmasy_Osh_Jibek_Golunun_Provaideri

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *