Ош облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды
Кечээ, 8-январда Ош облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, жер титирөө саат 07:15 чамасында болгон. Жер титирөөнүн очогу Тажикстандын аймагында болуп, күчү 3 баллга жеткен. Анын күчү Чоң-Алай районунун Кара-Тейит айылында 3 баллга, Карамык айылында 2,5 баллга чейин жетти. Кырсыктан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Булак: Turmush.kg