Пакистан Карачи менен Гвадардагы деңиз портторунан Кыргызстандын пайдаланышына көмөк көрсөтүүгө даяр. Бул тууралуу Пакистандын  тышкы иштер министри Макдум Шах Махмуд Хуссейн Куреши Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолугушуусунда айтты.

ТИМдин берген маалыматында эки министрдин жолугушуусу Түркияда өткөн Анталия дипломатиялык форумунун алкагында болгон. Анда Пакистан тарап Карачи менен Гвадардагы деңиз портторунан Кыргызстандын пайдаланышына көмөк көрсөтүүгө даяр экенин белгилеп, бирок, Пакистан-Кытай-Кыргызстан-Казакстан төрт тараптуу темир жолун куруу боюнча макулдашууну активдештирүү зарылдыгын билдирген. Муну менен катар Руслан Казакбаевди расмий иш сапары менен Исламабадга келип кетүүгө чакырган.

Сүйлөшүүдө министрлер эки тараптуу кызматташуунун деңгээлин жогорулатуу, кезектеги Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы саясий консультацияларды өткөрүү жана расмий иш сапарларды уюштуруу зарылдыгын белгилешкен.

Руслан Казакбаев ошондой эле Кыргызстандын медициналык окуу жайларын Пакистан медициналык комиссиясынын «кара тизмесинен» чыгаруу маселесин карап көрүүнү өтүндү. Андан тышкары өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынын өткөрүүнү сунуштады.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *