Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев шайлоо өнөктүгү учурунда мамлекет башчы Садыр Жапаровдун атын пайдалангандар жоопкерчиликке тартыларын билдирди. Бул өзгөчө Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге тиешелүү экенин айтты.

Ошондой эле жогорку бийлик жетекчилери менен байланыштарына жамынган талапкерлерге тийиштүү фактылар болсо, укук коргоо органдарына билдирүүнү өтүндү.

«Бардык жарандар өлкө президенти шайлоону ачык-айкын, таза өткөрүү үчүн чечкиндүү реформаларга барып жаткандыгына күбө болушууда. Садыр Жапаров шайлоо процессин ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу үчүн болуп көрбөгөндөй чараларды көрүп жатат. Ошондуктан мамлекеттик органдардын жана башка бюджеттик мекемелердин өкүлдөрүн мамлекет башчысынын атын кыянаттык менен пайдалануу фактылары болсо, токтоосуз түрдө билдирүүгө чакырабыз. Өлкөнүн жогорку жетекчилиги менен кандайдыр бир байланыштарына жамынган талапкерлер тууралуу жана аларга тийиштүү чараларды көрүү үчүн тез арада укук коргоо органдарына билдирүүңүздөрдү суранабыз», — деди Эрбол Султанбаев.

Жалал-Абад облустук милициясынын маалыматы боюнча, 13-ноябрда Сузак районунун акими Баратбек Сыдыкназаров «Ишеним» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Шерзодбек Умарбековго карата чара көрүү боюнча милицияга арыз менен кайрылган. Аким талапкер телефондон президенттин атын атап опузалаганын жазган.

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *