Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаев Садыр Жапаровго кайрылып, анын айланасында буга чейинки президенттерди сазга батыргандар топтолуп алганын, алардан арылуу керектигин эскертти.

«Урматтуу Садыр Нургожоевич, сизге чоң жоопкерчилик жүктөлдү. Жаңы түзүлгөн башкаруу системасына ылайык, сиздин милдеттериңиз жана жоопкерчилигиңиз чоң. Саясатыңызды иш жүзүнө ашырууда, кадр тандоодо кылдат мамиле кылууңуз керектигин баса белгилейм. Азыркы күндө сизди жандап резюме көтөрүп, кошомат кылган ар бир адамга өтө кылдат мамиле кылууга чакырам. Буга чейинки башчыларды сазга батыргандар азыр да сиздин жаныңызда айланчыктап жүргөнүн коомчулук сөз кылууда. Бул сынды сиз достун күйүп айткан сыны катары кабыл аласыз деген үмүттөмүн», — деди Түмөнбаев.

Ошондой эле ал президенттин жүргүзүп жаткан саясаты менен реформасын колдоорун, бирок керек учурда элдин кызыкчылыгы үчүн сын айтуудан кайтпай турганын белгиледи.

Мындан сырткары ал ушул чакырылыштагы 18 аял депутатты кызматтык унаа менен камсыздоону сунуштады.

Акылбек Түмөнбаев — Садыр Жапаровдун жездеси Таалайбек Түмөнбаевдин агасы, тактап айтканда, президенттин кудасы. Ал Ички иштер министрлигинде жана Салык кызматында иштеген. 2001-жылдан тарта Каржы полициясынын системасында иштеп, 2016-жылы Эсеп палатасынын аудитору болгон. 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоого «Ата Мекен» партиясы менен катышкан.

Түмөнбаевдин агасы Турусбек Түмөнбаев «Унаа» мамлекеттик ишканасын жетектеп турган. Аны бул кызматка Садыр Жапаров дайындаган. Өлкө башчы кудаларын жогорку кызматтарга «туруктуулукту сактоо үчүн» койгонун айткан. Үстүбүздөгү жылдын 13-сентябрында 527 млн сомдук тендерге байланыштуу чуудан улам кызматынан бошотулган.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *