Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-ноябрда өлкөдөгү парламенттик шайлоолорду өткөрүүнүн жүрүшүнө мониторинг жүргүзгөн эл аралык байкоочулар миссияларынын жетекчилери менен жолугушту.

Мамлекет башчысы КМШ, ЖККУ, ШКУ, ТүркПА, Түрк мамлекеттери уюму, Ислам Кызматташтык Уюму, Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунан, ошондой эле Өзбекстандын жана Грузиянын борбордук шайлоо комиссияларынын жетекчилерине парламенттик шайлоого эл аралык байкоочу катары катышкандыгы үчүн чоң ыраазчылык билдирди. Ал шайлоолорго 700дөн ашуун эл аралык байкоочулар күбө болгонун белгиледи.

Садыр Жапаров бул шайлоолор 2020-жылдын октябрында өздөрүнүн мыйзамдуу укуктарын коргоого чечкиндүү чыгып жана Кыргызстанды өнүгүүнүн демократиялык жолуна кайтарууну талап кылган  коомчулук жана өлкөнүн келечеги үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.

Ал коомчулуктун кыжырдануусун жана нааразылык маанайын дал парламенттик шайлоонун натыйжалары шарттаганын, бул шайлоо күнүнө чейин жана шайлоо күнү мыйзамдардын бузулушунан улам жарандардын эркин билдирүүсүнө туура келбегендигин эске салды.

«Бул шайлоолор эң атаандаштыктагы жана катышуу шарттары боюнча бардыгына тең шайлоолордун бири болуп калды. Парламенттин жаңы чакырылышы жаңы пропорционалдык-мажоритардык система боюнча шайланды. Шайлоо жарышына жыйырма бир саясий партия жана бир мандаттуу округдар боюнча дээрлик үч жүз талапкер катышты. Парламентте коомдун бардык катмарларынын өкүлчүлүгүн камсыз кылуу үчүн мыйзамдарда аялдар, этникалык азчылыктар, жаштар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн квота киргизилген», — деп белгиледи президент.

Мамлекет башчысы коомчулуктун талаптарынын бири шайлоолорду ачык, таза жана атаандаштыкта өткөрүү, алардын жыйынтыгы биринчи кезекте жарандар жана саясий күчтөр тарабынан мыйзамдуу деп таанылышы болуп саналарына өзгөчө көңүл бурду.

Эл аралык байкоочулар президентти жана өлкө элин парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттукташты.

0

Автор публикации

не в сети 3 недели

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *