25-октябрда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдык мааракеси белгиленүүдө. Ага президент Садыр Жапаров катышты. Жапаровдун куттуктоо сөзүн президенттин расмий сайты жарыялады.

 

Жапаров өтмүштү так билүүгө жана мамлекетти түптөп кеткен ата-бабаларды унутпоого чакырат. Исхак Раззаковдун «Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом да таза болот» деген сөзү бүгүнкү күндө да негизги ураан болуп эсептелерин айтат.

 

«Адам тагдыры менен кошо төрөлөт» деген кеп сыңары, Исхак Раззаков атабыз кичинесинен эле кыйынчылыктарга туш болуп, түгөнбөгөн түйшүк менен татаал жолду башынан кечиргени жалпыбызга маалым. Бирок жаштайынан чыйрак өсүп, Самарканддан, Москвадан билим алып, эмгек жолун Өзбекстандан баштап, бара-бара көптөгөн мамлекеттик кызматтын баскычтарын басып өтүп, 1945-жылы 35 жашында Кыргыз ССРинин Министрлер кеңешинин төрагасы болуп дайындалган. Эч нерседен тайманбаган, көзгө тике карап, бетке айткан, көкүрөгү таза инсан Исхак Раззаков өз элин, өз жерин көтөрүүнүн жолдорун издеп, элибиздин билимдүү-илимдүү болушу үчүн зор эмгек жумшаган«, — деп айтылат билдирүүдө.

 

Президент Исхак Раззаковдун аракети менен Кыргызстандын өзүндө жогорку окуу жайлар ачылып, жылдар бою бери чечилбей келе жаткан кадр маселеси оңунан чечилген. Мектептерде окуучуларга ысык тамак уюштуруу маселеси ошол мезгилде каралган.

 

Анын демилгеси менен айыл чарба техникаларын жасоочу завод, жип ийрүү, трикотаж, бут кийим фабрикалары сындуу бир катар өнөр жай ишканалары курулган. Облустарды байланыштыруучу жолдордун жана маданий жайлардын курулушу да колго алынган.

 

Исхак Раззаковдун жөндөмдүүлүгүнүн жана иштин көзүн билген уюштуруучулугунун натыйжасында республиканын билим берүү, маданият, эл чарбасы, экономика, өндүрүш тармактары өнүгүү жолуна түшкөн.

 

Исхак Раззаков 1910-жылы 25-октябрда азыркы Лейлек районунун Коросон кыштагында туулган. 1950-1961-жылдары Кыргыз ССР Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болгон. Ал Кыргызстанды жетектеп турган жылдарда Орто-Токой суу сактагычы, Фрунзе заводу сыяктуу бир катар ири объектилер пайдаланууга берилген. Ошондой эле Исхак Раззаковдун түздөн-түз көрсөтмөсү жана жетекчилиги астында Фрунзе (Бишкек) шаарындагы жалгыз кыргыз тилдүү №5 орто мектеп ачылган жана алгачкы жолу телекөрсөтүү студиясы уюштурулган.

 

Замандаштары анын адилет, калыс, мекенге күйгөн жетекчи болгонун белгилеп келишет. 1979-жылы Москва шаарында каза болгон. 2000-жылы сөөгү Кыргызстанга алып келинип, «Ала-Арча» көрүстөнүнө жерге берилген. 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы ыйгарылган.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *