“Сөз эркиндиги бар, сиз ээн-эркин басып жүрбөйсүзбү”,- деди  маалымат жана басма сөз күнүнө карата маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушууда президент Садыр Жапаров.

Анын айтымында, журналисттерге эч ким кол салбайт, куугунтуктабайт.

Гүлшат Асылбаеванын мыйзам боюнча суроосуна жооп берип жатып, мамлекет башчы журналисттерди сотко бербей турганын убада кылды. Ал ошондой эле министрлер кабинетинин эч кимиси маалымат каражаттарын сотко бербейт деп ишендирди.

«Каалаганыңды жаз, министрлер кабинети сотко бербейт. Мен кепилдик берем», — деди Садыр Жапаров.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын августунда президент Садыр Жапаров депутат Гүлшат Асылбаеванын “Такталбаган (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамына 23-августта кол койгон .

 

Булак: 24.kg

0

Автор публикации

не в сети 3 недели

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *