Президент Садыр Жапаров милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Анда айтылгандай, өлкөдө жүрүп жаткан саясий жаңылануу мезгилинде ички иштер органдарынын коомдук тартипти сактоо, кылмыш менен күрөшүү жана жарандардын укуктарын коргоо багытында аткарып жаткан иштери чоң мааниге ээ.

Президенттин пикиринде, жоопкерчиликтүү кесипти аркалаган милиция кызматкерлери элдин толук ишенимине ээ болушу керек. Милиция кызматында жоопкерчилик, абийирдүүлүк менен мамиле кылган, кесипкөй, билимдүү адистер иштөөгө тийиш.

Кыргызстанда 1-ноябрь ички иштер органдарынын кызматкерлеринин күнү. Быйыл кыргыз милициясынын түптөлгөнүнө 97 жыл болду.

Кыргыз милициясы 1924-жылы Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун чечими менен түзүлүп, алгачкы жетекчиси Аркадий Арумов болгон.

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *