Президент Садыр Жапаров 12-ноябрда, Түркиянын Стамбул шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин саммитинин алкагында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту.

Мамлекет башчылары саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну чыңдоону талкуулашты.

Режеп Тайып Эрдоган Садыр Жапаровду жылуу тосуп алып, ушул жылдын 8 айында эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 2020-жылдын көрсөткүчүнө жакындап калганын белгиледи.

Режеп Тайып Эрдоган өз ара сооданын көлөмүн 1 миллиард долларга жеткирүүгө үмүт артарын билдирди.

Президент Садыр Жапаров өз кезегинде түрк тарапка меймандостугу жана саммитти жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Садыр Жапаров буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга, анын ичинде Кыргыз-Түрк инвестициялык фондун түзүүгө өзгөчө көңүл бурду.

Анын пикиринде, мындай фонд кыргыз жана түрк ишкерлеринин мамлекеттик жана жеке өзүн-өзү каржылаган долбоорлорун ишке ашырууга салым кошот.

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *