Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-октябрдагы, өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу кыргызстандыктарга кезектеги кайрылуусун жасады. Бул тууралуу президенттик аппараттан маалымдашты.

«Урматтуу мекендештерим, Айрым саясий күчтөрдүн аракеттеринен улам өлкө азыркы саясий туңгуюкка кептелгенине мына 3 күн болду. Бардык кыргызстандыктардын жүрөгү ооруп турат. Ушул кырдаалдын чечилишин талап кылып жатканыңарды толук түшүнөм. Президент катары ушул абалдан тезирээк чыгууга болгон күч-аракетимди жумшап жатам. Ушул максатта ар кыл саясий тараптар менен жеке сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатам.

Урматтуу саясий күчтөрдүн жетекчилери, азыркы саясий туңгуюк абалдан чыгуу үчүн менден, президент катары талап кылынчу кадамдарга даяр экенимди дагы бир ирет бидирем. Бирок, кырдаалды жөнгө салуу милдетин алам деген тараптардан сүйлөшүү үчүн бирдиктүү аянтча сунуштала элек.

Азыркы учурдагы кызмат алмашууларды легитимдештирүү зарыл. Ал үчүн, сиздер билгендей, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарына кол коюшум үчүн парламент кадрдык дайындоолор жөнүндө тиешелүү токтомдорду киргизиши керек.

Азыр пайда болгон саясий туңгуюктан өлкөнү алып чыгуу үчүн ушул расмий документтер зарыл.

Урматтуу мекендештерим, сиздердин сабырдуулугуңуздарга таазим этем. Ошону менен катар саясий күчтөрдөн конкреттүү иштиктүү кадамдарды күтөм. Жараткан өзү жар болуп, элибиз аман, жерибиз тынч болсун».

0

Автор публикации

не в сети 1 месяц

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *