Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-августта, жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүмдөрүн реформалоо боюнча эксперттик жумушчу топтун жетекчиси Тамерлан Ибраимовду жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевди кабыл алды.

Жол коопсуздугун камсыздоочу ички иштер органдарынын бөлүмдөрүн реформалоо маселелери жана коррупция менен күрөшүү маселеси талкууланды.

Тамерлан Ибраимов реформанын жыйынтыктары Бишкек шаары боюнча милициянын Патрулдук кызматынын иши жана Ош шаарынын милициянын Патрулдук кызматын түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө маалымат берди.

Бишкек шаары боюнча милициянын Патрулдук кызматынын кызматкерлери 2020-жылдын 1-январынан тартып 31-июлга чейинки мезгилде «102» линиясы боюнча 34 миңден ашуун чакырууну тейлегендиги белгиленди.

2020-жылдын 7 айында коомдук жайларда «изин суутпай» издөө боюнча 320 кылмыш ишинин жана миңден ашуун жоруктардын бети ачылган.

Жол кыймылынын эрежелерин бузуу боюнча 85 миңден ашуун протокол түзүлгөн, анын ичинде транспорт каражаттарын мас абалында айдагандар — 1498.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, милициянын Патрулдук кызматы иштей баштагандан тартып, борбордо кырдаал жөнгө салына баштап, жарандардын милиция кызматкерлерине болгон ишеними артып, алар өздөрүн коопсуз сезе баштаган.

Бүгүнкү күндө, Тамерлан Ибраимов билдиргендей, коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун  камсыз кылуу боюнча долбоордун алкагында Ош шаарынын аймагына штаттык саны 219 бирдик болгон милициянын Патрулдук кызматы түзүлүп жатат.

2020-жылдын 16-мартынан тарта Ош шаары боюнча милициянын Патрулдук кызматынын 219 кызмат ордуна сынак жарыяланган. Бирок коронавирус инфекциясы пандемиясына байланыштуу сынактык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү токтотулган.

Кырдаал турукташкандан кийин сынактык иш-чаралар жандандырылган.

Сынак жарыялангандан баштап бардыгы 497 талапкер арыз жана рапортторду беришкен: алардын ичинен 264 талапкер жарандык жаштар болуп саналат.

Тестирлөөнүн, ден соолугунун даярдыгы жана баарлашуунун жыйынтыгы боюнча 129 талапкер тандалып алынган, алар тиешелүү окууга жиберилет.

Ош шаарында милициянын Патрулдук кызматы үстүбүздөгү жылдын декабрь айында ишке кириши күтүлүүдө. Тандалып алынган талапкерлер кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.

Бир эле учурда Ош шаарында милициянын Патрулдук кызматынын штаттык санын толуктоо үчүн сынактык тандоонун кийинки этаптары жүргүзүлөт.

Тамерлан Ибраимов 2021-жылы өлкөнүн башка аймактарында милициянын Патрулдук кызматын түзүү иштери башталарын кошумчалады.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Патрулдук милиция ишке киргенден тартып ички иштер органдарындагы коррупцияны жоюу жана өлкө жарандарынын милициянын ишине болгон ишенимин жогорулатуу боюнча негизги максаттарын актап жаткандыгын белгиледи.

Тандоо сынактары болушунча ачык-айкын, жарандык сектордун катышуусу менен өтүп, эң татыктуу талапкерлер тандалып жатканын баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков ички иштер органдарынын жол коопсуздугун камсыз кылган бөлүмдөрүн реформалоонун жакшы натыйжаларын канааттануу менен баса белгиледи.

Ал милициянын Патрулдук кызматын түзүү чечими туура жана өз убагында кабыл алынганын, бул кылмыштардын бетин ачуу боюнча жакшы натыйжалар жана Жол кыймылынын эрежелерин бузуулардын кыскаруусу менен далилденип турганын баса белгиледи.

Жаңы кызматтын иши ийгиликтүү болооруна ишенимин билдирген Мамлекет башчысы бул жакшы тажрыйба республиканын бардык аймактарына тарашы керектигин — келечекте милициянын Патрулдук кызматы ири шаарлардан баштап, айылдарга чейин өлкөнүн бардык региондорунда кызмат өтөшү зарылдыгын белгиледи.

Жыйынтыгында Президент Сооронбай Жээнбеков милициянын Патрулдук кызматына эң мыкты жана булганбаган талапкерлерди тандоого милдеттүү сынак комиссиясынын мүчөлөрүнүн калыс жана ачык-айкын иш алып баруусунун маанисин дагы бир жолу баса белгиледи.

Эске салсак, ички иштер органдарынын жол коопсуздугун камсыздаган бөлүмдөрүн реформалоо демилгеси Президент Сооронбай Жээнбековдун бейөкмөт сектордун өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда Тамерлан Ибраимов тарабынан көтөрүлгөн.

Мамлекет башчысы бул сунушту колдогон жана Президентке Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүмдөрүн реформалоо стратегиясы 2018-жылдын ноябрь айында сунушталып, бекитилген.

Иш-чаралар планына ылайык, Бишкек шаарында милициянын Патрулдук кызматы ишке кирип, толук кандуу иштей баштаган. Бүгүнкү күндө Ош шаарында милициянын Патрулдук кызматын түзүү иштери жүргүзүлүп жатат.

2021-жылдан тартып аталган долбоорду өлкөнүн башка аймактарында этабы менен ишке киргизүү пландалууда.

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *