Бүгүн 14-август Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов жылытуу мезгилине даярдык көрүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

«Ар бир министрлик жана мекеме алдыдагы жылытуу мезгилинин даярдыгына жооптуу. Күтүлүп жаткан суунун деңгээлинин төмөндүгү жана өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен даярдык иштерин кылдат жүргүзүү шарт. Аба ырайынын суук болушун күтүп, иштерди создукутурбаш керек. Бир айдан кийин бардыгы даяр болсун», — деди Кубатбек Боронов.

Финансы министрлигинин маалыматына ылайык,  жылытуу мезгилине даярдык көрүү иштерин каржылоо бекитилген график боюнча жүргүзүлүүдө.

«Жүргүзүлүп жаткан иштерди өз учурунда каржылоону камсыз кылуу маанилүү. Каралган 2,9 млрд сомдун жарымы бөлүнгөн. Ошол эле учурда 

электр энергиясынын жоготууларын талдоонун жоктугуна жана дебитордук карыздын көбөйүшүнө көңүл бургум келет. Бул көрсөткүчтөрдү төмөндөтүү зарыл. Бөлүштүрүүчү компаниялар электр энергиясын керектөөнүн белгиленген лимитинен ашпоого тийиш. Электр энергиясын колдонгон ири ишканалар энергиянын кошумча булактан алуу маселен карап чыгышы шарт. Мамлекеттик органдардын ар бир жетекчиси жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери кышка даярдык көрүү маселесине жооптуу», — деди Премьер-министр.

Өкмөт башчы түзүлгөн кырдаалда саламаттык сактоо тармагындагы объекттерге өзгөчө көңүл буруу зарыл экенин белгиледи.

«Саламаттык сактоо объектилери учурда артыкчылыктуу мааниге ээ. Бардык медициналык мекемелер электр энергиясынын адьтернативдик булактары менен камсыздалышы керек. Ощондой эле аларды көмүрдүн жана мазуттун тийиштүү запасы менен камсыздоо зарыл. Бул жерде маселе жаралбашы керек. Ал эми калкты камсыздоо боюнча айтсак, август айынын соңуна дейре көмүрдү сатып алууга бардык тендерлер өткөрүлүшү керек. Суук түшөөрү менен калк арасында көмүргө болгон суроо-талаптар жогорулайт. Ошондуктан өлкө боюнча отун базаларын көбүрөөк ачуу зарыл», — деди Премьер-министр.

Кубатбек Боронов ар бир мамлекеттик органга келерки күз-кыш мезгилине карата даярдыкты тактоону тапшырды.

0

Автор публикации

не в сети 3 недели

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *