29-октябрдан тарта Орусияга иштегени барган кыргызстандыктар 30 күн аралыгында медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүшү керек. Мындай маалыматты Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Бул эреже 2021-жылдын 29-декабрында Орусия президенти кол койгон «Орусиядагы чет элдик жарандардын укуктук абалы жөнүндө» жана «Орусиядагы мамлекеттик дактилоскопиялык каттоо жөнүндө» мыйзамдарга ылайык киргизилди.

Кыргызстандыктар төмөнкү талаптарды аткарууга милдеттүү:

-Орусияга баргандан баштап 30 күн ичинде манжа изин каттатып, ошол органдын каттоо журналына сүрөткө түшүшү;

-наркология жана жугуштуу оорулар боюнча медициналык кароодон өтүшү;

-медициналык документтердин мөөнөтү аяктагандан кийин 30 күндүн аралыгында ИИМдин аймактык бөлүмүнө жаңыртылган медициналык документтерди көрсөтүп турушу керек.

Эгер кыргызстандыктар бул талаптарды аткарбаса, алардын Орусиянын аймагында жүрүү мөөнөтү кыскарат.

«Ушуга байланыштуу Ички иштер министрлиги Орусияга бара жаткан мекендештерге жогорудагы мыйзам менен таанышууну жана жаңы талаптарды сактоону сунуштайт», — деп айтылат маалыматта.

0

Автор публикации

не в сети 1 месяц

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *