Айлык акынын төмөндүгүнө байланыштуу колубузга тийген кадрларды кызматтарга коюп жатабыз. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 23-октябрда басма сөз жыйынында «Марал» радиосунун журналистинин суроосуна жооп берип жатып айтты.

 

Ал кадрларды дайындоо саясаты тууралуу айтып жатып, акыркы он жылда жакшы кадрлар чет өлкөлөргө чыгып кеткенин билдирди.

 

«Кадр дайындоо маселесине парламенттин депутаттары аралашып, өзүн тың сезип калган депутаттардын баары тууган-уруктарын мамлекеттик кызматтарга дайындоону чече бериптир. Андан тышкары, көп кадрлар чет өлкөлөргө чыгып кеткен. Алар биз коюп берген эмгек акыга келбейт экен. Жок эле дегенде 100 миң, 200 миң, миң доллардан жогору койсок анан келишет экен. Ал эми биздин 15-16 миң сом айлыкты көрүп алып, күлүп жатышат. Анан айла жок, колубузга тийген кадрларды дайындап жатабыз. Жакшы кадрларды дайындайын десең эле, ал жаман иштерге аралашкан болуп калат. Колубуздан келишинче коюп жатабыз. Качан гана бюджет толуп, эмгек акыларды жогорулатууга мүмкүнчүлүгүбүз болгондо, 5 мин долларга чейин төлөгүдөй абалга жетсек, мыкты кадрларды алып келебиз», -деди Жапаров.

 

Президент мамлекеттик кызматтагы кадрларга жогору айлык коюлганда дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды. Себеби ал эмгегин 100 эсе актайт деп ишендирди.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *