«Тоо-кен тармагын рефармалоо маселелери жөнүндө» жарлыкка ылайык, улуттук кызыкчылыктарды көздөгөн бир топ мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилгенин мамлекет башчы Мининстрлер кабинетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ири кендерди Кыргызстан өзү иштетет деген максатта «Улуу көчмөндөр мурасы» аттуу холдинг түзүлгөн. Ошондой эле Жапаров андан түшкөн каражат 100% мамлекеттик казынага түшөрүн белгиледи.

«Кумтөрдөн тышкары башка кендерден түшүп жаткан 340 млн сом мындан кийин мамлекеттик казынада сакталат. Бул каражат кичи жана орто бизнести, экономиканы өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорго кайрымдуулук иретинде аз пайыз менен берилет. Кенди жөн эле басып жаткан компаниялардын лицензиясы алынат. Тоо-кен тармагын өнүктүрүү менен биргеликте Кумтөр кени боюнча «Центерра» менен эсептешүүгө өбөлгө түзөт. Чет өлкөлүк компания тарабынан Кыргызстандын экологиялык коопсуздугунун нормаларын одоно бузгандыгы үчүн Кумтөр кенине 17-майдан тартып убактылуу тышкы башкаруу киргизилген. «Центерра» компаниясы өзүнүн баланстык наркынан 926 млн долларды эсептен чыгарып, бизнес операциясынын токтогондугун аны менен Кумтөр кенине болгон көзөмөлдү жоготконун билдирүүгө аргасыз болду. Тынчтык жол менен сүйлөшүүлөр жүрбөсө, анда «Центеррага» экологиялык жана коррупциялык дооматтар коюлат», — дейт Садыр Жапаров.

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *