АКШнын президенти Жо Байден акыркы телефон сүйлөшүүсүндө Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге саммит өткөрүүнү сунуштады , бирок Кытай лидери Вашингтон Пекинге карата риторикасын жумшартууну сунуштады, деп жазат Financial Times .

Басылма эки лидердин сүйлөшүүсүнүн деталдары менен тааныш булактарга шилтеме кылат. Алардын айтымында, Байден Си Цзиньпин менен 90 мүнөттүк сүйлөшүүдө, бетме-бет саммит өткөрүүнү сунуштаган, бирок мунаса таба алган эмес. Бул «бир катар америкалык аткаминерлерди Пекин Вашингтон менен каттуу оюнун улантууда деген тыянакка алып келди» деп болжолдонууда .

«АКШ президенти Си Цзиньпинге АКШ-Кытай мамилесиндеги туңгуюктан чыгуу үчүн саммит өткөрүүнү сунуштады … бирок Кытай лидери анын сунушун кабыл алган жок жана анын ордуна Вашингтондун Пекинге карата катуурак тондо сүйлөбөстөн жайыраак тондо сүйлөөсүн талап кылды «,-деп жазат гезит.

 

Маектештердин айтымында, Байдендин администрациясы эки лидердин акыркы телефондук сүйлөшүүсүн «АКШ менен КЭР өкүлдөрүнүн дипломатиялык байланыштары олуттуу натыйжаларга алып келбегенден кийин Си Ци олуттуу карым -катнашка даяр экенин текшерүү үчүн мүмкүнчүлүк» катары баалаган.

 

«Си быйыл жогорку даражалуу кытай дипломаттарына караганда катуураак сөздөрдү колдонгону менен, Байденге жалпы кайрылуусу АКШ риторикасын жумшартуусу керек болчу»,-деп жазат гезит өз булактарына таянып.

Ак үй бул басылма боюнча азырынча комментарий бере элек.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *