Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-октябрда Чүй облусундагы Сокулук ГЭС-2нин ачылышына катышты.

 

Президент мамлекеттин энергетикалык системасындагы кырдаалды жана кыйынчылыктарды терең изилдегенин жана өлкөнүн өнүгүүсүндө өзгөчө мааниге ээ энергетика тармагын туруктуу өнүктүрүү жана бул тармакка инвестиция тартуу боюнча алдыга максат койгонун айтты.

 

Мамлекет башчысы энергетика системасында туруктуулукка жетүү жана бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу максатында быйыл бир катар чаралар көрүлгөнүнө токтолду.

 

Президент мамлекеттин катышуусуз, жеке инвесторлордун аракети менен, бюджеттик жана донордук каражаттарды тартпастан курулган чакан ГЭСтин ачылышынын маанисин баса белгиледи.

 

Садыр Жапаров бул чакан ГЭС өлкөнүн бардык аймактарында жаңы чакан ГЭСтерди ишке киргизүүнүн үлгүлүү мисалы болуп каларын кошумчалады.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *