Баткен районундагы алты айыл электр жарыгы жок калды. Бул тууралуу «Ошэлектро» ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

27-январдын кечинде тажиктердин ок атуусунан Баткен РЭТинде 35/10 кВ Самаркандек көмөкчү чордонунан чыккан 10 кВ Орто-Боз линиясы кыйылып түштү. Бул линиядан электр энергиясын алган Ак-Сай, Көк-Таш,Орто-Боз, Жаңы-Бак, Таш-Тумшук, Көк-Терек айылдары жарыксыз калды.

Чек арадагы кырдаалга байланыштуу оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк жок. Абал тынчыганда Баткен РЭТинин кызматкерлери линияны улап беришерин кабарлады.

Калган аймактарда жарыктын өчүүсү катталган эмес. Бардык райондор «Ошэлектро» ишканасынын көзөмөлүндө турат. Баткен облусунун электриктери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *