Ташанова Касиет Нышанбаевна туулган жери Чоң-Алай району,Дароот-Коргон айылы.
Туулган жылы 20.02.1975
Үй-бүлөлүк абалы: 2 уул, 2 кыздын бактылуу апасы.
Билими жогорку.ОГПИ мектепке чейинки билим берүү адистигине ээ.
Иш тажрыйбасы:
Биринчи эмгек жолун 1995-жылы «Байчечекей» балдар бакчасында тарбиячы кызматынан баштаган. «Тынчтык» балдар бакчасына 1996-жылы тарбиячы болуп которулган, 1997-жылы Дароот-Коргон айылында ПМК участкасында мугалимдердин суроо талабы аткарылып «Келечек» балдар бакчасы ачылган. Тажрыйбалуу тарбиячы «Келечек» балдар бакчасына тарбиячы болуп которулган.11-жыл»Келечек» балдар бакчасында тарбиячы болуп эмгектенип,ошол эле бакчага жетекчи кызматына дайындалган.
Бир канча сыйлыктын ээси.
2003-жылы конкурста 1-орунду алып мыкты тарбиячы номинациясын алган. 2018-жылы «Мыкты жетекчи» 1-даражадагы диплом менен сыйланган 2019-жылы областтык конкурска «Жаш-Келечек » мектепке чейинки билим берүү уюму катышып 2-орунду камсыз кылган. 2020-жылы мугалим долбоорунда «Жаш-Келечек » мектепке чейинки билим берүү уюму «Ийгиликтүүмекеме» номинациясы менен сыйланган.
Мамлекеттик эмес уюмдар менен кызматташуусу:
Ага-Хан MSDSP KGкоомдук фонду
— Мерсико эл аралык уюму
— Арис эл аралык уюму
Тил билүүсү:Мамлекеттик кыргыз тил жана расмий орус тили.
Коомдук иштерге катышуусу Чоң-Алай райондук Аялдар кеңешинин мүчөсү.Ош билим берүү институтун да балдар бакчасынын директорунун квалификациясын жогорулатуу курсунан өткөн.