Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Сырт зонасында жайгашкан кайра иштетүүчү заводдон калай, вольфрам, алтын, күмүш жана башка химиялык элементтерди камтыган концентратты мыйзамсыз алып чыгуу факты аныктады. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Жазык кодексинин 211-беренесинин 2-бөлүгү менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

29-октябрда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда УКМК кызматкерлери тарабынан жалпы салмагы 50 тоннадан ашкан, капка салынган химиялык элементтердин концентраты менен 3 оор жүк ташуучу унаа кармалды.

Унааларды кароодо ташылган жүктүн товардык-транспорттук документтеринин реквизиттеринде полиграфиялык жабдууларда өндүрүш түрүндөгү жасалмалуулуктун белгилери аныкталган.

Буга байланыштуу унаалар УКМКнын Ысык-Көл облусуна караштуу аймагына киргизилди.

Учурда концентраттарды мыйзамсыз алып чыгууну уюштурууга тиешеси бар адамдарды аныктоо, мамлекеттин кызыкчылыгына келтирилген зыянды, кендерди иштетүү боюнча иш-аракеттерди жүргүзүүнүн мыйзамдуулугун аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *