Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фонд түзүлүп, 1 млрд сом бөлүнөт. Бул тууралуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилеринин республикалык кеңешмесинде Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

 

Туризмди өнүктүрүү фонду туристтик индустрия объектилерин ижарага берүүгө, аларды сатып алуу-сатуу тууралуу келишим түзүүгө, туризм обьектилерин биргелешип өнүктүрүү жана алардын үлүштүк курулушу тууралуу келишим түзүүгө, инвестицияларды тартууга, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында ыйгарым укукка ээ болот.

 

Туристтик тармакка дем берүү үчүн жер пайдалануу мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилет. Туристтик кластерлерди өнүктүрүүгө маани берилет: Караколдо – тоо лыжа, Ошто – тарыхый-маданий, Жалал-Абад шаарынын базасында – рекреациялык жана башка ири кластерлер ишке киргизилет.

 

Мындан тышкары, туристтик объектилерге бара турган жолдор оңдолуп, туристтик инфраструктураны өнүктүрүүгө басым жасалат.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *