Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын аймагында убактылуу же туруктуу жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын чыгарып кетүү фактылары жөнүндө билбейт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Биринчи саясий департаментинин директору Уланбек Тотуяев билдирди.

Анын айтымында, Жерге-Тал районунда жүргөн кыргыз жарандарын өлкөдөн чыгаруу маселеси 2021-жылдын март айынын ортосунан бери Тышкы иштер министрлигинин туруктуу көзөмөлүндө болуп келген.

«Биз Тажикстандын Ички иштер министрлигинин паспорт жана миграция кызматы тарабынан Лахш (мурунку Жерге-Тал) аймагында күтүүсүз текшерүүлөр жүргүзүлгөндүгү жөнүндө биринчи маалымат пайда болгон учурдан баштап биз маселени көзөмөлгө алдык. Кыргыз тараптын тынчсыздануусу эки мамлекеттин тышкы иштер министрлеринин апрелдеги жолугушуусунда дагы айтылды. Ошондой эле, бул маселе Кыргызстан менен Тажикстандын Ички иштер министрлеринин деңгээлинде талкууланып жаткандыгын белгилей кетүү керек », — деди ал.

Кырдаалды жөнгө салуу үчүн Тышкы иштер министрлиги тажик тарапка консулдук маселелер боюнча министрликтер аралык консультацияларды жакынкы аралыкта өткөрүүнү сунуш кылды.

 

Булак: 24кж

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *