Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги кайсы жакты карап отурат, мен билбейм. Жарык өчүрүлүп жаткан учурдан пайдаланып, көмүр саткандар бааны көтөрүп жатышат. Муну көзөмөлдөө керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов парламенттин бүгүнкү жыйынында билдирди.

Анын айтымында учурда көмдүн баасын көзөмөлдөгөн эч ким жок.

«Бишкектин айланасында бир тонна көмүрдүн баасы 4,5 миң болсо, Караколдо эле 6 миң сом. Ал эми Баткенде 7,5 миң сом болуп жатат. Ошол эле учурда көмүрдүн сапатына да көңүл буруш керек. Бизде бир нерсени билсе эле ошол жактан бизнес кылууну көздөгөндөр чыгып жатат. Пандемия күчөп турганда компьютердик томографияны көтөрүп алышты. Быйыл жарык өчөт экен десе, эми көмүрдүн баасын жасалма көтөрүп жатышат» , — деди Икрамов.

Ошондой эле ал учурда элдин эң негизги маселеси көмүр экендигин айтып, өмөттү чечүүгө чакырды.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *