Социалдык тармактар жана мессенжерлер аркылуу Улуттук банк сый акы төлөө менен сурамжылоо өткөрүп жатканы жөнүндө  маалымат тарап жатат. Сурамжылоонун жыйынтыгында 50 миң сом берилери айтылып жүрөт.

 

Улуттук банк бул маалыматка ишенбөөгө чакырат. Банк кандайдыр бир сурамжылоолорду жана утуштарды өткөргөн эмес. Эгер сизге ушул сыяктуу маалымат түшсө, анда көрсөтүлгөн шилтемени ачпай, эч кимге таратпаганыңыз туура болот.

  • картаңыздын номерин,
  • ПИН-кодду,
  • картаны колдонуу мөөнөтүн,
  • CVV/CVC коддордун (бул коопсуздук коддору болуп саналат,
  • андагы акыркы 3 сан картанын арткы бетиндеги кол тамга коюлуучу тилкеде көрсөтүлөт),
  • маалыматты туугандарга, банк кызматкерлерине, укук коргоо органдарына да бербөө зарыл.

«Алдамчылар белгисиз сайттарга шилтеме келтирүү аркылуу ар кандай жол менен жеке маалыматты алууга аракеттенишүүдө. Карт ээси алдамчыларга жеке маалыматты өзү бергендиктен банктык карттан уурдалган акча каражаттарды жабыр тарткан жаранга кайтаруу дээрлик мүмкүн эмес«, — деп эскертет Улуттук банк.

0

Автор публикации

не в сети 3 недели

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *