Канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы 3-январда Кыргызстандын бийлиги менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын тастыктаган билдирүү таратты. Анда компания кыргыз бийлиги менен сүйлөшүүдөгү өзүнүн негизги талаптарын жарыялады.

«Центерра» Кумтөр кени боюнча кандай чечим болбосун, төмөнкү негизги шарттар аткарылышы керек деп билдирди:

1 — «Центерра» «Кыргызалтын» ишканасына таандык акциялардын болжол менен 26,1 пайызын алат. Алгандан кийин «Центерра» «Кыргызалтынга» берилген акцияларды жокко чыгарат;

2 — Кыргызстан өлкөдөгү компаниянын эки туунду ишканасын жана Кумтөр кени үчүн жоопкерчиликти өзүнө алат.

3 — «Центеррага» өткөн жылы ага төлөнгөн үч дивиденддин таза суммасына барабар сумманы төлөп берүү, «Кыргызалтын» ишканасы кенди басып алуунун натыйжасында албай калган жана айрым башка финансылык төлөмдөрдү ордуна келтирүү.

4 — «Кыргызалтын» ААКнын эки талапкери «Центерранын» директорлор кеңешинин курамынан чыгышы керек;

5 — Тараптардын бардык дооматтардан толук жана биротоло бошотуу, юрисдикцияларда тараптардын катышуусу менен бардык соттук териштирүүнү токтотуу.

«Кыргызстандын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр уланууда. Сунуш кылынган чечим ишке ашырылаарына же макулдашылган учурда да эч кайсы чечимге кепилдик жок. Чечим укуктук жана ченемдик талаптарга, акционерлер же өкмөт тарабынан көз карандысыз баалоо үчүн тиешелүү талаптарга жооп бериши керек» , — деп айтылат маалыматта.

2-январда президент Садыр Жапаров Кумтөр алтын кенине барып, «Кумтөр Голд Компанинин» ишмердүүлүгү менен таанышкан. Анда ал «Центерра Голд»компаниясы менен сүйлөшүү процессинде жылыштар бар экенин билдирген.

Мындан тышкары, учурда тараптар «Кумтөрдү» толугу менен Кыргызстанга өткөрүп берүүнү камтыган тынчтык келишимин талкуулоону жыйынтыктап жатканын айткан.

0

Автор публикации

не в сети 3 недели

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *