Айылдагы тигүүчү эжелер менен Орусиядагы же Кыргызстандагы буйрутмачыларды байланыштырып койсо, бул тармакта миллиондогон-миллиарддаган акчалар бар. Мындай пикирин «Кыргыз айыл текстиль» долбоорунун негиздөөчүсү, экономист Эльдар Абакиров «Маралдын» эфиринде билдирди.

 

Анын айтымында, долбоор жөнүндө уккандар башка айылдарда да цех ачып берүү же ишти баштоодо жардам берүү өтүнүчү менен көп кайрылып жатышат.

 

«Бул көйгөйдү чечсе болот. Бир топ жакшы идеялар бар. Негизинен чече турган 3 маселе бар. Биринчиси, айылдагы тигүүчү эжелер менен Орусиядагы же Кыргызстандагы «заказчиктер» ортосунда туруктуу байланыш түзүү; экинчи маселе, логистика, же бычылган кездемени убагында жеткирип берүү; үчүнчү маселе, буйрутманын убагында жана сапаттуу тигилишин көзөмөлдөө», — дейт ал.

 

Экономист чакан тигүү цехин ачууга 100 миң сомдой каражат кетерин белгилеп, муну жергиликтүү эл өзү деле ишке ашырса болорун кошумчалады.

 

«Биринчи максат өз жаныңарды багып кеткиле, экинчиден, колдон келсе, чоң ишкерге айлангыла. Мен ишти уюштуруп, буйрутмачылар менен логистиканы жолго коюп, уюштуруп берейин», — деди Эльдар Абакиров.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *