Коопсуздук кеңешинин катчылыгы билдиргендей, Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндө абал туруктуу.

Кыргызстан менен Тажикстандын коргоо министрликтеринин өкүлдөрүнүн ортосунда жумушчу жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуунун жыйынтыгында, туруктуу жайгаштырыла турган жерлерге күчтөрдүн жана техниканын чыгарылышын көзөмөлдөө боюнча биргелешкен жумушчу топ түзүлдү.

Биргелешкен жумушчу топтун иши 2-майда Кыргызстан убактысы боюнча 8: 00дө (Тажикстан убактысы боюнча 7: 00дө) башталат.

Абал президент Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө.

29-апрелде кечинде Кыргызстан менен Тажикстан   ок атышууну токтотуу жана аскер күчтөрүн мурдагы жайгаштырылган жерлерине алып кетүү боюнча макулдашышты . Бирок,  айрым жерлерде  атышуу мезгил-мезгили менен жанданды.

173 жабырлануучу медициналык жардам сурап кайрылган, 34 адам каза болгон, анын ичинде жаш бала.

Белгилей кетсек, Головной суу бөлүштүргүч ишканасы Кыргызстандын аймагындагы Төрткүл суу сактагычын толтурган каналдардын башатында жайгашкан.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *