1-декабрь саат 21:15 чамасында Баткен облусундагы Дахма аймагында чек ара сызыгына жакын жерде Тажик тараптан белгисиз адамдар 7-8 жолу ок чыгарышты. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, болжол менен ок аңчылык куралдан атылды. Кырдаалды тактоо үчүн жерине Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара заставаларынын начальниктери барып, ок аткандарды издөө боюнча сүйлөшүү жүргүзүшкөн.

Окуя тууралуу жергиликтүү укук коргоо органдарына маалымат берилди.

Баткен боюнча чек ара өкүлү Кыялбек Төлөнбаев Тажикстандын Согди облусу боюнча өкүлү менен телефон аркылуу сүйлөшүп, чек арада чагымчылдыкка жол берилбеши керектигин талкуулашты.

Чек ара кызматы билдиргендей, саат 22:30га карата чек арада абал туруктуу, бирок бир аз чыңалуунун белгилери бар.

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *