Бизде мамлекеттик да, улуттук да идеология бар, бирок аны системага салып иштете албай келдик. Мындай пикирин Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал жыл сайын кайсы бир белгилүү адамдардын 100, 200, 300 жылдыгын белгилөө дагы улуттук идеологияга кирерин айтты.  Абыкеевдин айтымында, мамлекеттин өсүп-өнүгүшү, келечеги үчүн кам көргөн бир топ иш чаралар жасалат. Бул болсо мамлекеттик идеологияга кирет.

«Ошондуктан биз «Келечекке кызмат» деген негизги ураанды алганбыз. Анын ичинде «Келечекке билим менен», «Келечекке нарктуулук менен», «Келечекке экономиканы өстүрүү менен», «Келечекке экологиялык таза мамлекетти куруу менен» деген чоң-чоң пландар бар.  Мына ушулардын бардыгы өз кезеги менен ишке кирише берет»,  -дейт ал.

Мамлекеттин идеологиясы мамлекеттин экономикасын руханий жактан, маданий жактан, бардык тарабынан өстүрүүгө багытталат. Ал эми улуттук идеология болсо, улутубуздун нарк-салтын, байыртадан келаткан улуттук өзгөчөлүктөрүбүздү калыбына келтирүү багытында кетип баратат. Мына ушул эки негизге таянып, мамлекеттик жана улуттук идеология жүргүзүлөт.

«Бизде улуттук же мамлекеттик идеология жок дей бербестен, тескерисинче мамлекеттик да, улуттук да идеологиябыздын бар экендигин, бирок аны системага салып иштетпей жатканыбызды түшүнүшүбүз керек»,  — деди Абыкеев.

0

Автор публикации

не в сети 1 месяц

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *