Урматтуу шайлоочуларым! Ардактуу журтчулук!
Саналуу күндөрдөн кийин шайлоо өнөктүгү өтүү үстүндө турабыз. Буюруса, ар бир шайлоочунун тууганчылык, уруучулук сыяктуу стереотиптерге баш ийүү учуру өткөн. Коомдогу ар түр көрүнүштөрдөн улам акчага добуш сатуу дегенден көңүлдөрү калган. Акты, караны акыл калчап ажыраткан элибиз коомдун өнүгүшү, жаштардын эртеңки келечеги үчүн билимдүү инсанды баалап тандоого дегээли жеткен учур. Эл өз тандоосун эч кимдин таңуулоосусуз чече билген кез келди деп ойлойм. Андыктан ар бириңиздер туура чечим чыгарып, туура тандоо жүргүзөт деп ишенем. Ким шайланбасын, ким депутат болбосун сөзсүз элге ак кызмат кыла турган инсандардын келишин тилек кылам.
Мен да сиздердин кызыңыздар катары эл кызматын таза жүз менен аткарууга, акыйкаттык үчүн дайыма кол сунууга даярмын. Ар бириңиздердин ишенимиңиздер мен үчүн баалуу экени ырас. Туура тандоо сиздердин колуңуздарда. Баарыңыздарга бардар жашоо, бакубат турмуш, ден-соолук тилеймин.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *