Чоң-Алай районунун жашоочулары «Ошэлектро» компаниясы беш күн электр энергиясын 10 саатка өчүрө тургандыгына нааразы. Бул тууралуу chonalay.kg сайтынын окурманы билдирди.

 

Анын айтымында Чон-Алай району борбордон алыс жана тоолуу аймак болгондуктан шарты да бир кыйла катаал, ага карабастан жарыктын байма бай очүшү аларга бир топ татаалдык жаратууда.

 

“Фейзбукта бир эле күн свет өчөт деп билдиришкен бирок бугүн да свет жок. Тааныштардан билсек беш күн катар свет жок болот экен. Бул деген дээрлик 1 жума жарык жок. Эмнеге аны ачык эле айтышпайт? Бизда ошого жараша план түзүп  тезегибизди термекпиз…” –деп биилдирет окурман.

 

“Карантин учурунда көптөгөн иш каналар иштебей калган. Эми болсо  жарыктын үзгүлтүккө учурашы ишкерлерге эле эмес, ишмерлерге да зыяны тийгендир. Эч болбосо азыр кээ бир орто муундар жайлоодо жашы улгайган ата-энелерге жалгыз калган,  жок дегенде аларга тескери таасирин тийгизгендир ” деп кошумчалады.

 

Эске салсак Ошэлектро расмий баракчасы өзүнүн фейзбук баракчасындагы бир күнгө жарык узгүлтүккө учуроосу тууралуу маалымат чыгарган. Ага соц тармак колдонуучулары бир кыйла нараазылык билдирилген.

 

 

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *