Чоң-Алайда «Эмдөө-сиздин жана жакындарыңыздын ден- соолугун коргойт» аталышындагы акция болуп өттү. Бул тууралуу аталган райондун администрациясынан кабарлады.

Акцияга Чоң-Алай райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери, райондук А.Молдоболотов атындагы жалпы дарыгерлердин практикалык борборунун медицина кызматкерлери, райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, айылдык ден соолук комитеттери, мекеме-ишканалардагы коомдук ден соолук комитеттеринин мүчөлөрү катышты.

Акциянын негизги максаты Covid-19 илдетин жеңүүдөгү натыйжалуу чара, бул эмдөө алуу жана өз ден соолугуна кам көрүү.

«Урматтуу, Чоң-Алай районунун тургундары биз элибиздин саламаттыгын сактоо үчүн эмдөө алуу менен биргеликте өзүбүздүн жана жакындарыныздын ден соолугун коргоп калабыз. Биз эмдөө алуу менен гана бул илдеттин алдын алабыз. Андыктан кайдыгер карабай ар бир жаран эмдөө алуусу зарыл экендигин белгилейбиз. «Дени сак улут, дени сак өлкөдө» жашайлы.» — деп билдирет маалыматта.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *