Чон-Алай районунун акими 1- октябрь Эл аралык карылар күнүнө карата карыяларды куттуктады. Бул тууралуу аталган райондун администрациясынан кабарлады.

 «Урматтуу аталар, апалар, кадырман карыялар! 

Сиздерди 1-октябрь Эл аралык карылар күнү 

 менен Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын жана өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктаймын.

 

Карыларды урматтоо жана сыйлоо кыргыз элинин маданиятынын ажырагыс бөлүгү. Кыргыз элинде «Карысы бардын-ырысы бар» деген жакшы сөз бар. Карыларыбыз-бул биздин акылмандык менен үзүрлүү эмгектин символу. 

 

Сиздер өсүп келе жаткан муунга жоомарттык жана максатка умтулуунун үлгүсү боло аласыздар. Сиздерден чыдамкайлыктын, чынчылдыктын үлгүсүн алууга тийишпиз. Сиздердин ак батаныздар менен өнүп, өсүп, көгөрөбүз. Сиздер биздин ар дайым жүрөгүбүздөсүздөр. 

 

Сиздерге чың ден соолук, дөөлөттү карылык тилеймин. Ар бир күн сиздер үчүн майрам болсун. Жакындарыңыздардын кашында аманчылыкта өмүр сүрүңүздөр.

 

Терең урматтоо менен, 

Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Т.А.Абыкеев» деп билдирет маалыматта

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *