21-октябрь Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылында жайгашкан №44-кесиптик лицейинде «Фермер күзү» аталышындагы жумалык болуп өттү. Бул тууралуу аталган лицейден кабарлады.

Айтымында айыл чарба багытындагы, тагыраагы айылда өскөн өсүмдүктөрдү өстүрүүнүн эффективдүү жаңы ыкмалары боюнча студенттерге түшүндүрмө берилген.

«Чон-Алай районуна караштуу №44-кесиптик лицейинде өндүрүштүк окуулар боюнча усулдук бирикменин жетекчиси Темирбаев Эргештин иш чарасына ылайык «Фермер күзү» жумалыгы болуп өттү. Мында Чон-Алай районунда өскөн айыл чарба өсүмдүктөрү, жер жемиштер, нан сүт азыктары, картошканын түрлөрү жана өсүмдүктөрдү өстүрүүнүн технологиясы боюнча окуучуларга түшүндүрмө берилди.» -деп билдирет маалыматта.

Дагы кошумчалай кетчу нерсе аталган лицейде мындай иш чаралар көп болоорун, жана келечекке мыкты адистердин чыгышына ишенерин билдирди.

0

Автор публикации

не в сети 3 недели

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *