Баткен облусунун Лейлек районунун акими Алмазбек Рахманкулов кызматынан четтетилди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин 27-октябрдагы жыйынында билдирди.

 

Анын айтымында, Исфана шаарынын мэрине катуу сөгүш берилди. Жапаров шайлоодо кайсыл бир талапкерге же партияны үгүттөгөн аткаминерлерге катуу чара көрүлөрүн эскертти.

 

«Добуш сатып алгандар да, саткандар да катуу жазаланат деген президенттин принциби бар, биз аны аткарабыз. Бүгүн Лейлек районунун акими шайлоо бүткөнгө чейин жумуштан четтетилди. Исфананын мэрине катуу сөгүш жарыяланды. Мындан ары кайсы бир аким же министр кайсы бир партияга же талапкерге үндөй турган болсо, ишеничтен кетти деген негизде экинчи жумушка алынбай турган берене менен кетиребиз. Ал эми депутаттар боюнча мен комментарий бере албайм. Алар да биздин пикирге кошулат деп эсептейм», — деди Акылбек Жапаров.

 

Алмазбек Рахманкулов Лейлек районунун акими болуп, быйыл 5-майда дайындалган. Ал 43 жашта. Ал 2017-жылдын 5-октябрынан бери «Кыргызтелеком» ААКнын Директорлор кеңешинин мүчөсү болуп келген. Ошондой эле 2015-2016-жылдары Исфана шаардык кеңешинин депутаты, шаардык кеңештин төрагасы кызматын аркалаган.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *