Шайлоо тилкесине келген жарандарга 2 бюллетень берилет. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Кайрат Маматов «Маралга» берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, иш жүзүндө бул эки шайлоо болуп эсептелинет. Биринчи бюллетень менен жарандар округ боюнча өзүнүн депутатын тандашат, экинчи бюллетенди алганда, ал жерде саясий партиялардын номерлери болот. Ал номерлердин астында дагы 54 номер болот, аларда талапкерлердин аты-жөнү жазылат.
«Шайлоочу саясий партиянын ичиндеги талапкерлерге добуш бербесе да, партияны тандашы керек. Бул партиянын 5% босогодон өтүшү үчүн зарыл», — дейт Маматов.