БШК партиялар менен бир мандаттуу талапкерлер үгүт иштерин жүргүзүү үчүн КТРКдан канча эфир убактысын аларын айтты.

 

Бир шайлоо округунун жалпы көлөмү жумуш күндөрүндө бир сааттан кем болбошу керек экени көрсөтүлгөн.

 

Бир мандаттуу округдар боюнча талапкерлер үчүн бекер обо убактысынын жалпы көлөмү аймактык телерадио уюмдарынын каналдарында 30 мүнөттөн кем болбоого тийиш.

 

Борбордук шайлоо комиссиясы мандатка талапкерлер талапкерге же партияга карата шайлоочулардын терс мамилесин түзүүгө өбөлгө түзүүчү маалыматтарды таратпоосу керектигин эскертет.

 

Талапкер, саясий партия атаандаштарына каршы добуш берүүгө чакырууга же терс комментарийлер менен айкалышкан маалыматты таратууга, тигил же бул талапкер шайланса, мүмкүн болуучу кесепеттерин сүрөттөөгө укуксуз.

 

Шайлоо 28 -ноябрга белгиленген. Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча) бир округда, 36 депутат бир мандаттуу округдарда мажоритардык система боюнча шайланат.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *