Жылдан-жылга жыныстык саламаттыгы начарлап, дарыгерге кайрылган мырзалар көбөйүүдө. Бул тууралуу Улуттук госпиталдын урология бөлүмүнүн дарыгери Таалай Сагынбаев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал эркектерди тукумсуздукка алып келген бир нече себептерди атады.

«Эркектердин тукумсуздугу деген эмне? Бир жыл бою жыныстык жашоону башынан өткөрүп, бирок аялдын боюна бүтүрө албаса, бул — тукумсуздук. Мында урологдорго кайрылып, анын себептерин изилдеп баштоо керек. Эркектерди тукумсуздукка алып келген бир нече себеп бар. Алардын бири  — жыныстык инфекциялык сезгентүүчү оорулар. Алардын ичинен өтө көп санда кездешкендери: трихомониаз, уреаплазмоз, хламидиоз, микоплазмоз, сифилис. Ушулар менен эркектер көбүрөөк жабыркайт», -дейт уролог.

Экинчи орунда варикоцеле. Бул оору көбүнчө өспүрүм балдарда кездешет − тамырдын жетишсиздиги. Мында тамыр булчуңдары, же клапандары тубаса жакшы өспөй калган болот. Кан жүрөктү көздөй барганда, кайра артты көздөй жакшы жабылбай калган убакта тамыр кеңейип, сол жумуртканы көбүрөөк атрофия кылып жиберет. Сол жумуртка 70% урукка жооп берет, оң жак жумуртка 30% жооп берет.

«Варикоцеле Аскер комиссариатына чакырылган маалда уландардан көп табылат. Ал жактан бизге жөнөтүшөт. Аларга операция жасалат. Варикоцелени бейтапканадагы урологдор да көп аныктап бизге жиберишет», — дейт дарыгер.

Андан башка иммунологиялык тукумсуздук деген болот. Дагы бир себеби тубаса аномалия, же крипторхизм. Мында жумуртка өйдө жактан келип умага түшпөй, чуркуда кармалып калат. Эне боюнда бар кезинде сасык тумоолосо, же кандайдыр бир стресс алса, же интоксикация болсо, анын кесепетинен боюндагы баласында крипторхизм келип чыгышы мүмкүн.  Муну убагында балдар хирургдары таап чыгып, 16 жашка чейин операция жасап, урологдорго өткөрүп берет.

0

Автор публикации

не в сети 3 недели

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *