Кыргызстандыктардын электромобилдерге өтүшүн ылдамдатуу максатында өкмөт аларды лизингге алууну караган программа түзүп жатат. Бул тууралуу экономика жана финансы министринин орун басары Жарасул Абдураимов «Маралдын» берген маегинде билдирди.

 

Анын айтымында, учурда Кыргызстанда 1 млн. 200 миңге жакын жеңил автоунаа катталган. Чоң автоунаалардын саны дагы көп. Экологиялык маселени козгобогондо деле, экономикалык жактан өлкө жарандарынын электромобилдерге батыраак өткөнү мамлекетке пайда.

 

«Бизден нефть, газ чыгып атпагандан кийин электромобилдер биздин өлкө үчүн гана жаралгандай сезилет. Канчалык тез электромобилдерге өтсөк, ошончолук биздин экологияга эле эмес, экономикабызга да пайда. Электромобилдердин өлкөгө киришин жеңилдетүү максатында буга чейин аларды бажы алымдарынан бошотуу каралган. Бирок быйыл декабрь айында анын мөөнөтү бүтүп атат. Биз Евросоюзда, Бажы союзунда бул маселени кайра көтөрүп, жок дегенде дагы бир 3 жылга узартуу керек деген программаны киргизип атабыз. Ал эми бул жакка алып келүү, жайылтуу үчүн 8-10 жылга лизингге алууну караган программаны түзүп атабыз», -дейт аткаминер.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *